Быйыл социалдык төлөмдөр үчүн мамлекеттен дээрлик 63 млрд сом каралды

Быйыл социалдык төлөмдөр үчүн мамлекеттен дээрлик 63 млрд сом каралды. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бул каражат жумушсуздук, оору, майыптык, багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пул, пенсионерлердин пенсиясынан тарта акысыз билим берүүгө чейин сарпталат.

 

Белгиленгендей, быйылкы чыгаша былтыркыдан дээрлик эки эсеге көп. Сумманын өсүшү пенсиянын базалык бөлүгү көбөйүшүнө жана мамлекеттик жөлөк пулдардын жогорулашына байланыштуу болгону маалымдалды.