Саламаттыкты сактоо системасын каржылоо механизмдери реформаланат

Президент Садыр Жапаров «Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

 

Анда айтылгандай, элге көрсөтүлүп жаткан медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча системалуу көйгөйлөр бар экени, мунун негизги себептери катары материалдык-техникалык жактан жетишсиз камсыз кылуу, республикалык бюджеттен бөлүнгөн финансы каражаттарын жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын натыйжасыз пайдалануу, кадрдык тартыштык жана кызматкерлердин мотивациясынын төмөндүгү саналат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы түзүлгөндөн бери өнүкпөй келгени, медициналык кызматтар негизинен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланары белгиленет.

 

«Ошондой эле фармацевтикалык жана башка кызматтардын сапатын көзөмөлдөө боюнча негизги функциялары жетишсиз аткарылууда. Штаты жетиштүү сандагы аймактык бөлүмдөрү болсо да фонддун жобосунда жазылган көптөгөн функция натыйжасыз аткарылууда, бюджеттен тышкаркы чөйрөдө иштеген калкты милдеттүү медициналык камсыздандырууга тартуу боюнча иш жетиштүү жүргүзүлбөй жатат» , — деп айтылат маалыматта.

Буга байлаланыштуу саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформаланат.

 

2024-жылдын 1-июлуна чейин базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын каржылоо механизмдерине реформа жасалат.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо бөлүгүндө бюджетти өз убагында аткаруунун үзгүлтүксүз процессин сактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.