Ноокатта 4 миңден ашык адам иштей турган соода-логистикалык борбор курулат. Бул боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлганын жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Долбоор соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн соода жайын, кайра иштетүүчү цехтерди, кампаларды жана унаа токтотуучу жайларды курууну камтыйт.
Курулушка 2 миллиард сом жумшалат.