Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Ак-Тилее” түйүнүндө Кыргызстандан 430 унаа кезек күтүп турат, ал эми “Чалдыбарда” – 90. Тез бузулуучу продукция жүктөлгөн машинелер кезексиз өткөрүлүүдө.   Ведомстводон белгилешкендей, узун кезектер жүк ташуу кескин өскөнүнө байланыштуу.   Бардык… Кененирээк…

Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз мелдеши өтүп жатат

Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдеши өтүп жатат. Мелдешке 40 команда катышууда. Алар төрт лигага бөлүнүп мелдешүүдө. Оюндар Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында өтүп жатат.   Алар: Жогорку лига (6 команда), Биринчи лига (12 команда), Экинчи лига (16 команда) жана Легендалар лигаcы (6 команда).  … Кененирээк…

Парламент “чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алды

Жогорку Кеңеш 14-марттагы жыйынында талаштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди. Жыйында долбоор тууралуу бир да суроо берилген жок. Мыйзам долбоору эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.   Парламенттин Конституциялык мыйзамдар,… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы жолдору унаа кыймылына ачык

«Сосновка» постунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда өлкөнүн башкы унаа жолдору кыймылга ачык.   Эске салсак, кечээ аба ырайынын шарттарына байланыштуу жүк ташыган унаалардын айрым ашууларда жүрүүсү чектелген.

Таластын Бакай-Ата районунда үч мектеп курулууда

Таластын Бакай-Ата районунда үч мектеп курулууда. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, Миң-Булак айылындагы 375 орундуу мектеп май айында ачылат. Шадыкан айыл өкмөтүндөгү билим уясы да ушунча орунга чакталган. Ал Нооруз майрамына карата пайдаланууга берилет. Өзгөрүш айылындагы 275 орунга ылайыкталган мектеп… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абал туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы абал туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.   Бүгүнкү күндө республика боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 62 сом 1 тыйынды, дизель майы 70 сом 6 тыйынды түзүүдө.   Учурда өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар, бул өз… Кененирээк…

Жалал-Абадда 800дөй үй-бүлөгө коопсуз жайга көчүү эскертилди

Жалал-Абадда 800дөй үй-бүлөгө коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, кооптуу аймактан мамлекет тараптан жер тилкелерин жана жөлөк пул алган үй-бүлөлөр тез арада көчүүсү керектиги айтылды. Бул иш ар бир айыл аймак башчылары, шаар мэрлери жана райондук мамлекеттик… Кененирээк…

Жалал-Абадда кызамыкка каршы жапырт эмдөө башталды

Жалал-Абадда кызамыкка каршы жапырт эмдөө башталды. “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Каарманбек Байдавлетов билдиргендей, бул үчүн 159 миң доза вакцина алып келинди.   Маалыматка ылайык, аймакта жашагандардын 98%ын эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Ал эми буга чейин адамдардын 20%ы кызамык менен кызылчага каршы эмделген.   Кыргызстанда… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги шылуундардан сак болууга чакырат

Ички иштер министрлиги шылуундардан сак болууга чакырат.   Ведомствонун маалыматына караганда, соңку кезде телефон аркылуу алдаган фактылар көп катталууда. Алсак шылуундар байланышка жарандын тууганы же күч органдары, саламаттык сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери катары чыгып, кырсыкка учураганы тууралуу кабарлап, курьерлерден акча жөнөтүүнү талап кылышууда.   Милиция… Кененирээк…

Кыргызстанда 15-мартты Аталар күнү деп жарыялоо сунушталды

Кыргызстанда 15-мартты Аталар күнү деп жарыялоо сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкууга чыкты.   Документте – демилге үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталып, балдарды тарбиялоодо аталардын активдүү катышуусун колдой турганы белгиленген.   Бирок Аталар күнү дем алыш болуп эсептелбейт.