Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 50 миңден ашык абитуриент катышат деп күтүлүүдө

Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 50 миңден ашык абитуриент катышат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

“Абитуриенттердин саны жыл сайын болжолдуу прогноз менен эле аныкталат. Акыркы жылдары 50 миңге чукул адам тест тапшырып атат. Бүтүрүүчүлөрдүн бары    тест тапшырбайт. Жогорку окуу жайга өтөм дегендер эле тапшырат. Былтыр тапшыргандардын саны 51 миң 73 адам болгон. Быйыл деле ошондой чекте адамдарды күтүп атабыз”

 

Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө өлкө аймагында 17-майдан  24-майга чейин өтөт.