Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоого жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоого жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Каттоо 4-апрелге чейин жүргүзүлөт. Эгер ушул учурда жетишпей калгандар болсо, анда кошумча каттоо болот. Майдын 17синен 24үнө чейин тест болот деп болжолжоп атабыз, тестке бир күн калганда ар бир тест борборунда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Аны биздин администраторлор өздөрү жазайт. Ошол учурда катталса болот

 

Белгилеп кетсек, жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 29-февралда башталып, 4-апрелде аяктайт.