Кийинки жылы Бишкектеги ТЭЦ толугу менен газга өтүшү мүмкүн

Кийинки жылы Бишкектеги ТЭЦ толугу менен газга өтүшү ыктымал. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров брифингде билдирди.
Ал жылуулук борбору качан көгүлтүр отко өтөт деген суроо көп көтөрүлүп жатканына токтолгон.
«2020-жылдан бери ТЭЦке газ сатуу көлөмү бир нече эсеге өстү. 2020-жылы болжол менен 29-30 миллион куб метр болсо, бүгүнкү күндө бул көлөм 90 миллиондун тегерегин түзөт. Анын үстүнө келерки жылы ТЭЦ толугу менен газга өтүп калышы мүмкүн деп учурда министрлер кабинети менен жылуулук борборуна кошумча көлөмдө газ берүү боюнча иш алып барып жатабыз», — деген Алдаяров.
Анын айтымында, азыр транзиттик кубаттуулукту камсыздоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат, газга өтүү үчүн атайын инвестициянын кереги жок. Алдын ала маалыматка караганда, ТЭЦте газдын керектөөсүн 560 миллион куб метрге чейин көбөйтүү пландалууда.