Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү

Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Маалыматка ылайык, мындай чечим Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жакшыртуу үчүн кабыл алынган.   Аталган компания буга чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу.

Пакистанда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

Пакистандын Лахор шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Бул саамалык эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын деңгээлин жогорулатууга жана кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чоң салым кошоору белгиленди.

«Унаа» мекемесинин Бишкектеги батыш бөлүмү ишин токтотот

15-марттан тарта “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги батыш бөлүмү ишин токтотот.   Ведомстводон билдиришкендей, аталган бөлүмдүн кеңсеси жайгашкан Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегиндеги имарат реконструкцияга жабылды. Мындан улам ижара келишими бузулган.

Жалал-Абаддагы кооптуу делген сел каналдары тазаланууда

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы кооптуу деп эсептелген сел каналдар тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.   Ал үчүн жергиликтүү бийликтен атайын техника тартылып, кооптуу делген 1 миң 650 метр сел канал толугу менен тазаланды.   Ведомстводон кошумчалашкандай, жыл башында шаардык Жарандык коргонуу кызматтарына сел каналдарды… Кененирээк…

БШК Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы өзү жазган арыздын негизинде депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   Анын мандатын тапшыруу боюнча арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдогон.   Айбек Осмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан депутат болуп келген.

Кеминдин 38 жаштагы тургуну 12-баласын төрөдү

Кемин районунун жашоочусу 12-баласын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу райондук жалпы дарыгерлер практика борборунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Үмүт Куланазарованын төрөтү ийгиликтүү өткөн. Эне-баланын абалы жакшы.   Баатыр айым ошентип жети кыз, төрт уулдун энеси болду.

Ош базарында башаламан сооданы жоюу боюнча рейд жүрдү

Ош базарында башаламан сооданы жоюу боюнча рейд жүрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын жыйынтыгында уруксат берилбеген жерлерде соода кылган жарандардын кол арабалары, кол чатырлары, чатырлары, столдору, отургучтары алынды.   Ошондой эле соодагерлерге базардын белгиленген чегинен тышкары соода кылбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай рейддер улантылат.