“Ак-Кула” ат майданынын мүлкү аукционго коюлат

Бишкек мэриясы Термечиков көчөсү 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын мүлкү аукционго коюлуп, сатыла турганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, шаардын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия түздү. Комиссияга Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бекитилген программа боюнча 10 күндүн ичинде аукцион өткөрүү милдети жүктөлдү.

 

Аукционго жеке жана юридикалык жактар катыша алат. Шаар бийлиги ат майдандын кайсы мүлкү сатыларын тактаган жок.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Ак-Кула” ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын март айында “Ак-Кула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруп, ат майданды башка жерге көчүрүү керек экенин билдирген.