Бишкекте кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында энерго объектилерди оңдоо өнөктүгү башталды

Бишкекте кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында энерго объектилерди оңдоо өнөктүгү башталды.

 

Ордо калаа электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, 2 күч трансформатору жана 37 подстанция жаңыртылат.

 

Андан тышкары, 500 чакырымдан ашык жогорку чыңалуудагы линиялар оңдолот. Энергетиктер белгилешкендей, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Абоненттерге мындай абалды түшүнүү менен кабыл алуу сунушталат.