Кыргызстанда 65 миңден ашуун адам жумушсуз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комиттетин маалыматында айтылат.
Документке жазылгандай, жумуш менен камсыздоо мамлекеттик органдарында жумуш издеген жаран катары каттоодо тургандардын саны 1-мартка карата дээрлик 88 миң адамды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6%га аз. Анын ичинен жумушсуз катары катталган адамдардын саны 65 миңден ашык.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44%ын аялдар түзөт.