Соода борборлордун ээлерине жана администрациясына имараттардагы коопсуздукту күчөтүү тапшырмасы берилди

Соода борборлордун ээлерине жана администрациясына имараттардагы коопсуздукту күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

 

Анын айтымында, объектилердин кире беришинде көзөмөлдү күчөтүп, сигнализация системасын орнотуп, видео-аудио байкоо жүргүзүп, ыкчам баскычтарды ишке киргизүү сунушталды.

 

Андан тышкары, күзөт кызматына кадрларды жакшылап даярдоо, зарылчылык жаралса, жарандарды эвакуациялоонун эрежелерин кайталоо зарылчылыгы белгиленди. Мындай чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жасалууда.