Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калды.

 

Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар да 1-апрелге чейин декларация тапшырышы керек. Ал эми 1-майга чейин документти жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.