Бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 18нен 24-мартка чейинки аралыкта 23 миң 218 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

 

Анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 239;
  • мас абалында унаа башкаруу – 97;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 40;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 948;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 640;
  • автоээнбаштык – 5;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 629;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 617ни түздү.

Ошондой эле 923 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген. ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.