Бишкекте велосезондун ачылышы болот. Мэриядан билдиришкендей, саамалык 7-апрелде Ынтымак паркында эртең мененки саат 10до башталат.
Спорттук иш-чараны мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти коомдук бирикме менен биргеликте уюштурууда.
Веложүрүш «Ала-Тоо» аянтында жыйынтыкталат.