Японияда Сато деген бир гана фамилия калышы мүмкүн

Японияда Сато деген бир гана фамилия калышы мүмкүн. Окумуштуулар мындай тыянакка математикалык моделдөө иштерин жүргүзгөндөн кийин келишти.

 

Белгилеп кетсек, аталган мамлекеттеги мыйзам боюнча аял күйөөсүнүн фамилиясын алууга милдеттүү. Ошол эле учурда, Сато фамилиясы өлкөдө кеңири таралган, калктын болжол менен 1,5 пайызы аны алып жүрөт. Эксперттер 500 жылдан кийин бул ысым азыркыдан көп болот деп эсептешет.

 

Бирок эгер аялдарга кыз кезиндеги фамилиясын сактап калууга уруксат берилсе, мындай тенденцияда болбойт.