УЕФА быйыл өтүүчү футбол боюнча Европа чемпионатынын жобосун өзгөртүшү мүмкүн.
Биримдик оюнчулардын максималдуу санын көбөйтүү боюнча сунушту кароого даяр. Алсак, улуттук командаларда 23төн 26 адамга чейин кеңейтилиши мүмкүн. Акыркы чечим 8-апрелде бардык командалардын катышуусунда өтө турган конгрессте кабыл алынат.
Эске салсак, футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт. Турнирдин тайпалык баскычында 24 курама ойнойт.