Баткенде өрүк гүлдөдү
Баткенде өрүк гүлдөдү. Жемиш бактарынын видеосу тартылган кооз кадрларды Интернетке президенттин облустагы өкүлчүлүгү жарыялады. Белгилеп кетсек, Баткен облусунда өрүктүн 10дон ашык түрү өстүрүлөт. Ал жергиликтүү дыйкандардын негизги кирешеси болгондон тышкары, коңшу жана алыскы өлкөлөргө да экспорттолот.