Мэрия шаардыктарды жашылдандыруу ишине салым кошууга чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине салым кошууга жана көчөт отургузууга катышууга чакырат.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарандар көчөттөрдү өз алдынча, ошондой эле «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын Профессор Зима көчөсү, 82 дарегиндеги питомниктен сатып алса болот.

 

Мэриядан белгилешкендей, көчөттөрдү кайсы жерге отургузууну 0312 37-53-30, 0701 321 014 номерлерине чалып билүү мүмкүн.