ЖЭБ ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бишкек Жылуулук электр борбору ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин бир катар маалымат каражаттарына тараган кытайлык компания ЖЭБдин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар жумшай турганы боюнча маалымат туура эмес.

 

Анык эмес билдирүүнүн таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал кызматынан бошотулду, — деп айтылат маалыматта.