Аксыда 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Аксыда 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

 

Жалпы билим берүүчү орто мектеп Коргон-Дөбө айылында жайгашат.

 

Курулуш республикалык бюджеттен каржыланат. Жалпы сметалык баасы 87 млн сомдон ашат.