Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

 

Кыргызстан катуу суу ташкынынан жапа чеккен Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Ал Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуудан кийин казак бийлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөткөнүн эске салды.

Казакстандын батыш, түндүк жана чыгыш аймактарында аба ырайынын кескин жылышы жана жаан-чачындын кесепетинен көптөгөн калктуу пункттарды суу каптады.

 

12 облусунда суу ташкындарынан улам кырдаал курчуп турат. Сегиз аймакта жергиликтүү өзгөчө кырдаал жарыяланган. 13 миңден ашык адам эвакуацияланган.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн жана акимдердин иш-аракетин шалаакылык жана кесипкөйлүктүн жоктугу үчүн кескин сынга алган.

Ал белгилегендей, өкмөт менен жергиликтүү аткаруу органдарынын ортосунда координация жок. Токаев жапа чеккен аймактардын тургундарынын жеке мүлкү ири өлчөмдө жоголгондугуна өкүнүчүн билдирди. Ал элден кечирим сурап, бардык жабырлануучуларга материалдык жардам көрсөтүлөөрүнө ишендирген.