Бишкектеги жаңы автобекеттен үч багыт боюнча маршруттук каттам ачылды

Бишкектеги жаңы автобекеттен үч багыт боюнча маршруттук каттам ачылды. “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына каттоо үчүн 10 даана кичи маршруттук унаа даярдалды.

 

Алар күн сайын күндүзгү саат 12де жолго чыгат. Жол кире акысы 300-450 сомду түзөт, билеттерди онлайн сатып алса болот.