Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, эки кабаттуу имаратта балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.   Бакчанын курулушуна 84 миллион сом жумшалды. Каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен бөлүнгөн.   Белгилеп кетсек, шаарда мектепке чейинки 27 муниципалдык билим… Кененирээк…

Балыкчыда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

Балыкчыда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, анда күнүнө 350-450 жаранды тейлөөгө мүмкүнчүлүк бар.   Жаңы форматтагы калкты тейлөө борборунда керектүү мамлекеттик документтерди алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Буга чейин жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү… Кененирээк…

Казакстандык компания Ысык-Көлдө күн жана шамал электр станцияларын кургусу келет

Казакстандык компания Ысык-Көлдө күн жана шамал электр станцияларын курууну пландап жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.   Маалыматка ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жалпы кубаттуулугу 50 мегаваттык болот.   Тараптар долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары кызматташууну макулдашты.

Дубайдагы нөшөрлөгөн жаан-чачын аймактын тарыхтагы эң катуу жаан деп табылды

Дубайдагы нөшөрлөгөн жаан-чачын аймактын тарыхтагы эң катуу жаан деп табылды.  Дренаждык системанын жоктугунан шаар көчөлөрүн, метро тармагын, үйлөрдү жана соода борборлорду суу каптады. Дубайдын аэропортунда учуп-конуу тилкеси суу алдында калгандыктан, 40тан ашык каттам жокко чыгарылды.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, Дубайда 150 миллиметр жаан жаады.  … Кененирээк…

20-апрелден тарта карызы топтолгон абоненттердин газы өчүрүлөт

«Бишкекгаз», «Чүйгаз», «Ошгаз» жана «Жалалабатгаз» кызматтары 20-апрелден тарта карызы топтолгон абоненттердин газын өчүрөт. Өчүрүү аралыктан электрондук клапандарды колдонуу менен жүргүзүлөт.   Газ кызматтары белгилегендей, абоненттер менен иштөөдө жылдын суук мезгилинде ишенимдүү газ менен камсыз кылуу зарылчылыгына ар дайым түшүнүү менен мамиле кылып, ошондуктан абоненттерге 2023-2024-жылдардын күз-кыш… Кененирээк…

“American Dream” лимузини Гиннес рекорддор китебине катталды

“American Dream” лимузини Гиннес рекорддор китебине катталды. 30 метрлик унаанын ичи заңгыраган хан сарайга окшош. Анда мини-гольф аянтчасы жана бассейн бар, ошондой эле вертолет конуучу аянтчасы каралган.   Ал 1970-жылкы Cadillac Eldorado унаасынан өзгөртүлүп жасалды.

Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына караштуу Ак-Ордо-3 конушуна бала бакча куруу пландалууда

Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына караштуу Ак-Ордо-3 конушуна бала бакча куруу пландалууда.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарыялады.   Долбоордун сметалык наркы 235 миллион 388 миң сомду түзөт.

Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды

Кыргызстанда айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай же үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда. Кээ бир интернет провайдерлерде TikTok иштеп жатат. Андан тышкары VPN менен да ачылууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 17-апрелде өлкөнүн интернет-провайдерлерине TikTok’ту… Кененирээк…

ИИМ Казакстандын полиция кызматкерлери үчүн гумжардам жөнөттү

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган полиция кызматкерлери үчүн гуманитардык жардам жөнөткөнүн билдирди. 50 тонналык жүктүн ичинде биринчи муктаждыктагы буюмдар, дары-дармек, желим өтүктөр, дизелдик жана электр генераторлор, үйлөмө кайыктар, чатыр, матрац, тамак-аш жана жууркан-төшөк бар. «Демилге кризис учурунда эки өлкөнүн ортосундагы тилектештик колдоонун… Кененирээк…