Индия калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

Индия калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, бул өлкөдө учурда 1 миллиард 442 миллион адам жашайт.   Экинчи орунда Кытай турат, анын 1 миллиард 425 миллион  калкы бар. Окумуштуулардын божомолу боюнча 77 жылдан кийин Индиянын калкы эки эсе көбөйүшү… Кененирээк…

Бишкекте 4 күндөн кийин ысык суу өчүрүлөт

Бишкекте 4 күндөн кийин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан эскертишти. Бул ирет адаттагыдан айырмаланып, ысык сууну берүүдө чектөө бир айга эмес, көбүрөөк убакытка – 22-апрелден 1-июнга чейин киргизилет.   Мындай чечим Бишкек ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында масштабдуу оңдоо иштери пландалганына байланыштуу кабыл алынды.

Россиянын айрым аймактарында мигранттар үчүн киргизилип жаткан чектөөлөр кыргызстандыктарга тиешелүү эмес

Россиянын айрым аймактарында мигранттар үчүн киргизилип жаткан чектөөлөр кыргызстандыктарга тиешелүү эмес. Бул тууралуу 24 агенттигине биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирикменин курамына кирет. Андан улам, биздин жарандарга иштөө үчүн патент алуунун кереги жок.   Кыргызстандыктар үчүн ЕАЭБдин эмгек… Кененирээк…

Мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоого республикалык бюджеттен кошумча 2,5 миллиард сом талап кылынат

Мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоого республикалык бюджеттен кошумча 2,5 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин коомдук талкууга чыгарылган токтомунда айтылат.   “Санарип кампа” билим берүү программасы менен камсыздалган техника мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде иштеген 80 миң мугалимге берилет. Эске салсак, бийлик ноутбуктарды Кытайдан сатып… Кененирээк…

Майлуу-Суу лампа заводунда айнек идиштерди өндүрүү пландалууда

Майлуу-Суу лампа заводунда айнек идиштерди өндүрүү пландалууда.   Профилди алмаштыруу боюнча иштер башталды, — деп билдиришти Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен.   Маалыматка ылайык, ошондой эле заводдо жарык диоддук лампалардын өндүрүшүн кеңейтип, дубалдарды жана полдорду жылуулоо үчүн айнек жүн чыгаруу пландалып жатат. Учурда даярдык иштер жүргүзүлүп,… Кененирээк…

Бүгүн футзал боюнча Азия кубогу башталат

Бүгүн, 18-апрелде, Таиландда Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуусунда футзал боюнча Азия кубогу башталат. Бул турнирдин 17-чыгарылышы. Мында Кыргызстандын курама командасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Кореянын командалары менен бир группада беттеше турган болду. Оюндун Бишкек сааты боюнча графиги: Япония менен Кыргызстандын беттеши — 18-апрелде саат 17:00дө;… Кененирээк…

АКШда иттерди гана ташуучу авиакомпания пайда болду

АКШда иттерди гана ташуучу авиакомпания пайда болду. Идея жаныбарларга товар өндүргөн компанияга таандык. Иттер үчүн учуу процесси ыңгайлуу болот – аларга атайын керебеттер, тынчтандыруучу үн жана жыттарды камтыган аромакабинкалар орнотулат.   Андан тышкары, өзгөчө жүргүнчүлөргө учуу маалында алардын жакшы көргөн суусундуктары сунушталат.   Азырынча учактар… Кененирээк…

Жылдын биринчи кварталында прокуратура мамлекеттик органдарга бизнестин 151 субъектин текшерүүгө тыюу салды

Жылдын биринчи кварталында прокуратура мамлекеттик органдарга бизнестин 151 субъектин текшерүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан 3 айда профилдик органдардан ишкерлерди текшерүүгө 247 арыз келип түштү. Анын ичинен 96 арыз канааттандырылган, анткени, аларда текшерүүгө жүйөлүү себептер көрсөтүлгөн.

Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду

Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду.  Ведомствонун маалыматына ылайык, токтом окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.   Ал үчүн мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланат. Министрлик ушул жылдын июнь айына чейин 5-6 жашка чыккан балдардын санын эсепке… Кененирээк…

Жалал-Абадда чек арачыларга батирдин ачкычы менен аскердик техника тапшырылды

Жалал-Абадда чек арачыларга батирдин ачкычы менен аскердик техника тапшырылды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, аскерлерге арналып салынган көп кабаттуу үй 67 батирден турат.   Ошондой эле 25 жаңы атайын техника өлкөнүн түштүк аймагында чек ара бөлүктөрүнө тапшырылат. Андан тышкары, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын толугу… Кененирээк…