Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “Билим жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү үчүнчү окууда жактырды.   Мыйзам долбоору бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоо үчүн каражатты мамлекеттик бюджеттен бөлүүнү шарттайт.   Эске салсак, буга чейин кабыл алынган мыйзам боюнча Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу эми ата-энелердин… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-июндан тарта күйүүчү-майлоочу материалга милдеттүү маркировкалоо киргизүү сунушталды

Кыргызстанда 1-июндан тарта күйүүчү-майлоочу материалга милдеттүү маркировкалоо киргизүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга Экономика министрлиги чыгарды.   Документке ылайык, отун атайын молекулярдык маркерлер менен белгиленип, анын бар жогун атайын жабдуулар менен гана текшерсе болот. Бул күйүүчү-майлоочу материал рыногунда таза иштөөнү камсыз кылып, мыйзамсыз ташып… Кененирээк…

Бишкекте ишембиликтин алкагында 270 тонна таштанды чыгарылды

Борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында Бишкектин бардык райондорунда жалпы ишембилик өткөрүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, ага жалпысынан 507 мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана чарбалык субъекттердин 15 миңден ашуун кызматкери катышты.   Иш-чаранын жыйынтыгында ар кандай түрдөгү 615 түп бдарак отургузулду. 61 атайын… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң чоң стадион Мароккодо курулат

Дүйнөдөгү эң чоң стадион Мароккодо курулат. Жаңы арена 115 миң көрүүчүнү батырат деп пландалууда. Күтүлгөндөй, стадион 2030-жылкы дүйнө чемпионатын кабыл алат.   Долбоор 500 миллион еврого бааланат. Муну менен стадион чоңдугу боюнча Түндүк Кореядагы Пхеньян стадионунан ашып өтөт. Ал 114 миң көрүүчүгө эсептелген.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,2 миллиард кубометрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,2 миллиард кубометрди түздү. Бул тууралуу “Электр станцияларынын” басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 283 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 240 куб метрди түзүүдө.   Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Жалал-Абад облусунда 8 миң түп жаңгак көчөтү отургузулат

Жалал-Абад облусунда 8 миң түп жаңгак көчөтү отургузулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көчөттөр Ачы, Каба токой чарбаларынын 20 гектар жерине тигилет.   Андан тышкары, Тоскоол-Ата токой чарбасына дарактын 1 миңге жакын көчөтү токойду толуктоо максатында отургузулары кошумчаланды.

Кыргызстанда лизинг келишимин түзгөндөрдүн саны дээрлик 2 эсе көбөйдү

Кыргызстанда лизинг келишимин түзгөндөрдүн саны дээрлик 2 эсе көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы өлкөдө лизинг ишмердүүлүгүн 20 компания жүргүзүп, 3 миңге жакын келишим түзүлгөн.   Келишимдердин жалпы наркы 6,8 миллиард сомго жетти. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 1,7 эсе көп. Лизингге көбүнчө курулуш, жол… Кененирээк…

Казакстандын аймактарында суу ташкынынан 7,7 миң адам эвакуацияланды

Казакстандын аймактарында суу ташкындап, 7 783 адам эвакуцияланды, анын 2800ү — балдар. Бул тууралуу Sputnik Казакстан өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып жазды.   Билдирүүгө ылайык, убактылуу жайгаштыруу пунктуларына 3 131 киши жеткирилген, анын ичинде 1093ү — балдар. Куткаруу иштерине 6000 адам тартылган. Алар 3000 техника жана… Кененирээк…

Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрлери меморандумга кол коюшту

Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрлери кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.   Билдирүүгө ылайык, Таалайбек Ибраев менен Николай Шульгинов кол койгон документ «Чалдовар» жылуулук электр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташууну камтыйт. Ошондой эле эки өлкөнүн энергетика тармагындагы уюмдарынын өз ара кызматташуусуна… Кененирээк…

Санкт-Петербургдан 400дөн ашык мигрант күчтөп чыгарылат

Россиянын Санкт-Петербург шаарынан миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган 400дөн ашык чет өлкөлүк жаран депортацияланат. Бул тууралуу аталган шаардын сотторунун басма сөз кызматы кабарлады.   Соңку аптада Россиянын бир катар шаарларында мигранттарга байланыштуу рейддер күчөп, кармап-камоолор болуп жатат. Соңку беш күндүн ичинде Петербургдагы соттордо миграциялык мыйзамдарды бузууга… Кененирээк…