5 сомдук кыргыз облигациясы өз наркынан 700 эсе жогору сатылууда.
Интернет-аукционуна коюлган купюра 1993-жылы чыгарылган.
Баштапкы баасы 3 миң 460 сомдон башталган. Мындай облигациялар өкмөт тарабынан
баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жана элден накталай акча алуу максатында
5 жана 10 сомдук эки номинал менен чыгарылган. Жарактуу мөөнөтү 20 жыл деп белгиленген.