50 тыйындык купюра өзүнөн 43 миң эсе кымбат сатылууда

50 тыйындык купюра өзүнөн 43 миң эсе кымбат сатылууда. Интернет-аукционго 1993-жылдагы банкнотанын үлгүсү коюлду. Анын баштапкы баасы – 15 миң рубль, же 21 мин 342 сом.

 

Мындай баада сатылышына банкнотанын жараксыз болуп калгандарын алмаштыруу үчүн чыккан сериядагылардын бири экени себеп болду. Алар өтө аз санда гана чыккандыктан коллекциячылар арасында жогору бааланат.