Эйфель мунарасын дат басууда. The Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, Париждин башкы символу олуттуу калыбына келтирүү иштерине муктаж. 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына карата мунара косметикалык оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Иштер 60 миллион еврого бааланат. Бирок эксперттер муну жетишсиз деп эсептейт.
Конструкцияны толугу менен чечип, боеп, оңдоп, кайра чогултуу керек. Кошумчалшасак, Эйфель мунарасы 1889-жылы тургузулган. Кызыгы, алгач ал 20 жылга гана орнотулган болчу. Ал эми бүгүнкү күндө мунараны көрүүгө жылына 6 миллион турист келет.