Кыргызстанда унаа импорту өстү

Кыргызстанда унаа импорту өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкө аймагына 9 миң 500 унаа ташылып келди, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул 3 эсе көп.

 

Машинелер эң көп Грузиядан келип жатат – 3 миң 232 даана, Россиядан 1 миң 950, Түштүк Кореядан 1 миң 800дөн ашык унаа алынып келген.

 

Ошондой эле биздин өлкөгө транспорт АКШ, Литва, Япония, Бириккен Араб эмираттары, Германиядан импорттолот.