Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, Ош-Бишкек аба каттамдары кармалууда

Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, Ош-Бишкек аба каттамдары кармалууда. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, “Ош” аба майданынын аймагын калың туман каптап турат.

 

Андыктан, ккечээтен бери Бишкек-Ош багытындагы каттамдар аткарылбай жатат. Буга байланыштуу, жүргүнчүлөргө каттамдар тууралуу актуалдуу маалыматты тактап алуу сунушталат.