Париждин тургуну батиринин жер төлөөсүнөн 500 миң евро таап алды.

Parisien басылмасы билдиргендей, Анна батирди сатыкка даярдоо үчүн риелторлорго берген.

Процесстин жүрүшүндө ага тиешелүү жер төлө боюнча маселе жаралган.

Ал документ боюнча аялдын карамагында болгону менен иш жүзүндө башка бирөө колдонуп,

кулпу салып койгон. Каалгасын бузуп киришкенден кийин, анда ар кандай купюралар менен

толтурулган чемодан табылган. Учурда банкноталардын ээсин табуу иштери жүрүп жатат.