Кыргызстанда эки күндөн кийин беш предмет боюнча улуттук олимпиада башталат

Кыргызстанда эки күндөн кийин беш предмет боюнча улуттук олимпиада башталат.

 

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, сынак  математика, физика, химия, биология жана информатика сабактары боюнча өтөт.

 

Анын алкагында, окуучулардан команда түзүлүп, жогорудагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларга катышууга даярдык жүрөт.

 

Төрт этапта өтүүчү олимпиаданын биринчи этабына окуу классына жана менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын бардык каалоочулары катыша алат.