Кыргызстандыктардын тышкы карызды жабууга чогулткан каражаты ошол бойдон турат

Кыргызстандыктардын тышкы карызды жабууга чогулткан каражаты ошол бойдон турат. Бул тууралуу Акчабар порталы Каржы министрлигине таянып билдирет.

 

Андан эске салышкандай, 2020-жылы республиканын башка мамлекеттер алдында бересеси өсүп кеткени боюнча маселе көтөрүлүп, аны жабууга акча чогулткан демилгечилер пайда болгон.

 

Бул үчүн Каржы министрлиги атайын депозиттик эсеп ачкан. Ыктыярчы кыргызстандыктар тарабынан жалпысынан                       31 миллион 500 миң сом чогулган. Бирок каражат ошол бойдон эсепте сакталып турат. Аны бөлүштүрүү боюнча чечимди министрлер кабинети кабыл алышы керек.