Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан тарта
16 жарым миң адам үй менен камсыз болду. Бул тууралуу аталган
компаниянын башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.
Анын айтымында, компания ишин 2015-жылы баштагандан бери, алар тарабынан
4 жарым миңден ашык ипотекалык насыя каржыланып, ага 5 миллиард
сом жумшалды, — деди Абжапарова. Кошумчаласак, бул жылы ипотекалык насыялар
800 миллион сомго берилип, 600 үй-бүлө турак жайга ээ болушту.