«Электрондук каттоо системасы» аркылуу балдарды 1-класска кабыл алууга
7 миңден ашык билдирме түштү. Билим берүү министрлигинин маалыматында,
келе жаткан окуу жылында балдарды электрондук түрдө мектепке каттоо
өлкөнүн 6 шаарында ишке ашууда. Ата-энелер, билдирме калтыруу үчүн
mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү бөлүмдөрдү толтурушу керек.
Каттоо 15-августка чейин уланат. Аталган долбоор былтыр Бишкекте башталып,
анын алкагында 19 миң бала 1-класска кабыл алынган.