Ат-Башы району дельталёт менен дезинфекцияланат.
Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.
Анын айтымында, учурда облустун бардык айылдарында санитардык-тазалоо
иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми учуучу аппараттар менен камсыздоону
Айыл чарба министрлиги моюнуна алды. Белгилеп кетсек, Нарын облусунда
68 адамдан вирус аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Ат-Башы районунун
тургундары. Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад облусунда дагы учуучу
аппараттар менен дезинфекциялоо иштери аткарылган.