Бишкектин Гоголь көчөсүндө эртең магистралдык жылуулук тармактарын оңдоо иштери башталат. “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, жумуштар анын темир жол линиясынан Москва көчөсүнө чейинки тилкесинде жүргүзүлөт.
Бул бөлүктө унаа кыймылына жарым-жартылай чектөөлөр киргизилет. Иштер келе жаткан жылуулук сезонуна даярдыкты алкагында жүргүзүлүп, августка чейин созулат.