Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот.
Эмгек министрлигинен эскертишкендей, 9-майда Жеңиш күнүнө карата өлкөдө эс алуу жарыяланган, ал эми эмгек кодексине ылайык, майрам алдындагы иш күн кыскартылат.
Эске салсак, ишембиде кыргызстандыктар жумушка чыгат. Анын ордуна 3-майда дем алыш жарыяланган болчу.