Бардык базарлар дезинфекцияланат.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, эл көп топтолгон жерлерде коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталууда.
Мындан улам базарлар 2-3 күнгө жабылып, анда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.