Өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ өлкө боюнча 11 миң 850 чарчы метр имараттардын
ичи-сырты, унаа жолдор дезинфекцияланды. Санитардык тазалоо иштерине
33 куткаруучу тартылган. Жумуштар Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарында жана
Ош шаарында жүргүзүлдү. Белгилеп кетсек, дезинфекциялоо иштери өрт өчүрүү
унаалары аркылуу, дүкөн, банк, базар жана дарыканаларда жүрүп жатат.