Эртеңден тарта өзбекстандыктар Кыргызстан аймагына кире алат. Буга Өзбекстандын COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргени себеп болду.
Буга байланыштуу Өзбекстан 1-сентябрдан тартып инфекциянын жайылышы басаңдап, эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмесине 32-өлкө болуп киргизилет.
21-августта Тышкы иштер министрлиги коронавирустун жайлышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 31 мамлекеттин тизмесин түзгөн.