Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы бир жуманын ичинде ордо калаадагы 200дөн ашык көрнөк-жарнак жана конструкцияларды демонтаждады.
Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, инспекция күн сайын объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берет.
«Учурда 5-кичирайондогу № 82 үйдүн жанындагы узундугу 16х5 метр болгон темир тосмолорду демонтаждоо иштери башталды.
Мындан тышкары, Көк-Жар конушундагы темир контейнер демонтаждалды», — деп белгилешти муниципалитеттен.