Токмоктогу ири жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, авария Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 66-чакырымында болду.
Volkswagen жана KIA үлгүсүндөгү унааларынын кагылышынан 7 адам каза тапты. Дагы 4 адам жабыркап Токмок шаардык ооруканасына жеткирилди. Авариянын чоо-жайы такталууда.