Немис режиссеру Эдвард Бергердин “Батыш фронтунда өзгөрүүсүз” тасмасы эң мыкты чет элдик кино номинациясында “Оскарга” татыды. Кинематография тармагындагы эң абройлуу азем учурда Лос-Анжелесте өтүп жатат.
Эрих Мария Ремарктын романынын негизинде тартылган тасма буга чейин дагы оператордук иш үчүн сыйлык алган. Картина “Оскарга” 9 номинацияда көрсөтүлдү.