Аида Касымалиева Жогорку Кеңеш төрагасынын милдетин аткарат

Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жатканына байланыштуу 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин төраганын орун басары Аида Касымалиева аткара турганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

 

24-октябрда Боршайком Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду кызматынан кетпегенине байланыштуу талапкер катары каттаган эмес.

 

2021-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «Азаттыкка» парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

 

28-октябрда Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун парламент төрагасы Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылары айтылган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.