Айсулуу Тыныбекова мыкты спортчу аялдар арасындагы сынакта финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) мыкты спортчу аялдар

арасындагы сынакта финалга чыкты. Эл аралык уюмдун Instagram баракчасында жазылгандай,

сынак онлайн форматында өтүп жатат. Сынактын чечүүчү бөлүгүндө Тыныбекова индиялык

Винеш Пхогат менен тең тайлашууда. Добуш берүү Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун

Instagram баракчасында жүргүзүлүп жатат. Тыныбековага добуш берүү үчүн Stories бөлүмүнө кирүү керек.