Айсулуу Тыныбекова Варшавадагы күрөш боюнча мелдештин биринчи кармашында жеңишке жетти.
Ал россиялык балбан кыз менен күрөшүп, 12:3 эсебинде жеңип алды.
Эске салсак, аталган мелдеш Польшада 4-ноябрда башталды.
Ал 8-ноябрда жыйынтыкталат. Аталган мелдешке Айсулуу Тыныбековадан тышкары
Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Нураида Анаркулова жана
Назира Марсбек кызы катышып жатат.