Дүйнөнүн эң бай адамдары – Илон Маск жана Джефф Безос – рекорддук суммаларды жоготушту. Бул технологиялык компаниялардын акциялары кескин арзандап кеткенине байланыштуу.
Алсак, “Тесланын” негиздөөчүсү өткөн жумада эле 25 миллиард долларынан айрылса, “Амазондун” башчысы – 20 миллиард жоготту. Бул экономика рыногундагы пандемиядан берки эң чоң жоготуулар болуп калды.