«Ак-Кула» атмайданында көкбөрү боюнча республикалык мелдеш башталды

Көкбөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеш бүгүн, 13-мартта Бишкектеги «Ак-Кула» атмайданында башталды. Улуттук спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, мелдеш 21-мартка чейин созулат. Ага жалпысынан 37 команда катышууда.

 

Оюндар алгачкы жолу төрт лигада: Жогорку лига (6 команда), Биринчи лига (12 команда), Экинчи лига (9 команда) жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында (10 команда) өтүп жатат.

 

Экинчи аталышындагы лига быйыл алгачкы жолу негизделди. Ошондой эле ышкыбоздор арасында мамлекеттик кызматкерлерден куралган төрт команда да ойнойт.

Бардык лигаларда жарым финалдык оюндар 18-19-мартта, финалдык беттештер 20-21-мартта болот.